Неля: “Анжеликага дуба окуп коюңуздарды суранабыз” | Эркиндик Медиа

Неля: “Анжеликага дуба окуп коюңуздарды суранабыз”

Ырчы Неля Нуркулова кыргыз элине кыздары менен жол кырсыгына учураган Анжеликага дуба окуп коюуну суранды:

“Урматтуу кыргыз элим!
Кырсык каш-кабактын ортосунда, ага эч ким кепилдик бере албайт.
Өзүңүздөр билгендей кесиптешибиз Анжелика кырсыкка учурап калды. Бүгүн акыбалын сурап келдик, тилекке каршы абалы оор. Бул албетте сыноо, бирок ар бир сыноонун аркасында жакшылык бар.
Дуба – момундун куралы дейт, ошондуктан жамаат менен Тафрижия салаватын баштадык.
Бул салават 4444 жолу окула турган дуба, андыктан ар бириңиздер чын жүрөгүңүздөр менен окусаңыздар… буйруса Алланын мээрими, каалоосу менен Анжелика жана анын кыздарынын абалы жакшырат деген үмүттөбүз.
Анжелика бүтүндөй кыргыздын кызы. Андыктан Жаратканымдан ырайым тилеп, дуба кылып коюңуздарды дагы да өтүнөбүз… Жалпы элимдин, жамааттын дубасы кабыл болсун.
Канчалык көп дуба кылынса ошончо жакшы”.