“ОМОНдор келип, эшиктерди сваркалап”. Мигрант Айчолпон Садиеванын ийгиликке жетиши | Эркиндик Медиа

“ОМОНдор келип, эшиктерди сваркалап”. Мигрант Айчолпон Садиеванын ийгиликке жетиши

Россиядагы “Эл аралык ишкерлер” уюмунун вице-президенти Айчолпон Садиева өзүнүн иши жана жаңы кызматы тууралуу “Эркиндик Медиа” маалымат агенттигине маек берди.

-Саламатсызбы, Айчолпон Жоошбековна. Жаңы кызматыңыз кут болсун.

-Саламатсыздарбы, рахмат.

-Жаңы кызматыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

-“Эл аралык ишкерлер” көп тармакта иштеген ишкерлердин башы бириккен уюм. Бул жерден өтө көп пайдалуу нерселерди алса болот. Бизнес баштайм дегендерге аябай жакшы аянтча десек болот. Бул жерге келген адам өзүнүн көптөгөн суроолоруна бизнеске тиешелүү жоопторду, андан тышкары өзүнө өнөктөштөрдү, инвесторлорду да таба алат.

-Бул уюм сизге кандай мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып берди?

-“МАП”( Эл аралык ишкерлер уюму) мен үчүн өтө жакшы пайдаларды алып келди. Себеби, биринчи бизнеске аралашып баштаганда, каяктан, эмнеден баштарымды билбей жүргөм. Ошол учурда МАПтын өкүлдөрүнө туш болуп калып, булардын кылган жумушу жагып, өзүм үчүн да көп нерсе алышыма көзүм жетип, катарга кошулуп калдым. Бул жерден көптөгөн өнөктөштөрдү таптым, азыркыга чейин бизнестин түрлөрүн жасап жүрөбүз. Дагы бир жакшы жери бул жерде Кыргызстандын 7 дубанынан мүчөлөр чогулган. Ошондо да бөлүнүп, жарылып, “сен көлдүксүң, нарындыксың, оштуксуң” деген сөздөр болбойт. Биринчи кезекте ынтымакты негизги максатка коюп, иш алып барган үчүн иштердин баары алдыга жылып келет.

-“Эл аралык ишкерлер” уюму жаңы бизнес баштап жаткандарга түзүлгөнбү?

-Бул жерде ар кандай даражадагы адамдар бар. Чоң, кичи бизнесмендер, жаңы баштап жаткан бизнесмендер бар. Ошолордун арасынан “сен кембагалсың, сен байсың, сен эми баштап жатасың” деген текеберлик жок. Бири-бирибизге ар дайым жардам берип келебиз.

-Россияда жашап, эмгектенгениңизге канча жыл болду?

-Россияга 2003-жылы мигрант болуп келгем. Ошол жылдан бери көптөгөн тармактарда иштедим. Алгач маркеттерде, дүкөндөрдө сатуучу болуп, айрыкча, касса тармагында, акча менен аралашкан жумуштарда 14 сааттан, дем алышы жок иштеп жүрдүм. Кийин дипломум бар болгондуктан, резюмемди банктарга жөнөтүп көрдүм. Россиялык банктарга жумушка алып калып, 5 жыл бухгалтер болуп иштедим. Азыркы учурда ишкерлик менен алекмин.

-Кыргызстандан кетүүгө эмне түрткү болду?

-Убагында ошол жылдары жумушсуздук, кыйынчылык болуп, Россия жергесине, массалык миграциянын агымы менен келип калганбыз. Эми эки мамлекеттин ортосунда жашоо өтүп жатат.

-Бөтөн жер, бөтөн эл дегендей, ар бир мигрант оор кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Эч унутулгус башыңызга түшкөн түйшүк?

-Мен үчүн эң унутулгус күн: Биз жашаган жатакананы баарыбыз жумушта болгондо ОМОНдор келип, эшиктерди ширетип (сварка) кетишкен. Ичинде буюмдарыбыз калып калган эле. Ошондо эми кайда барып баш паанек кылабыз деген катуу коркуу сезими болгон. Бирок кандай оор кырдаал болбосун, ошол нерсе чечилгенде сөзсүз, кийинки жашоого жакшы шарттар пайда болот.

-Өз ишиңизди баштоого эмне түрткү болду?

-Балдарым, дайым аларга көп убакыт бөлө албай, жумушка эрте кетип, кеч келчүмүн. Азыр убактым көп. Мен алек болгон бизнесте өнөктөштөрүм бар. Ошол себептен убактым көбүрөөк.

 

 

 

 

 

 

– Азыр кайсы бизнес менен алексиз?

-Азыркы алектенип жаткан ишибиз “Даткайым” Кыргыз улуттук продукциясынын Россиядагы атайын өкүлү болуп эсептелебиз. Бул компанияны Садиев Нурмамат, Садиев Эрнист, Камбаров Жантош деген бир тууган инилерим менен бирге жетектеп келебиз. Кыргызстанда беш завод менен иштешебиз. Алар “Шоро”, “Алай-Куу”, “Жалал-Абад”, “Умут и Ко” жана “Артезиан” заводу. Москва шаарында 250дөн ашык соода түйүндөрүбүз бар. Өсүп келе жаткан муун кыргыздын салт-санаа, каадасын унутпай келсе деген баалуулук менен 5 жылдан ашык иштеп келе жатабыз

-Келечекте дагы кандай пландар бар?

– Кыргызстанда өнөктөштөрүм менен “Самомой 777” унаа жуучу жайларын ачып жатабыз. Буюрса 4 түйүн ачтык, планда дагы көп ачабыз деген ниет бар. Өлкөбүздүн келечеги кең. Азыркы учурда биз кылып жаткан жумушубуз, Өлкөбүздүн өнүгүшүнө аз да болсо салымы бар. Ар бир сатылган товардын акчасы кайра өлкөгө кайтып келип жатат.

– Кыргызстандагы ишкерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?

-Кыргызстандагы ишкерлерге бир эле кенешим кайсы жумуш болбосун сервисти жакшыртыш керек.