Оор беренелер менен бир нече ирет соттолгон киши унааны айдап качууга шектелип, кармалды | Эркиндик Медиа

Оор беренелер менен бир нече ирет соттолгон киши унааны айдап качууга шектелип, кармалды

Кечээ, 25-январь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы унаа жуучу жайдан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны айдап качып кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ шаардын тургуну милицияга унаасын уурдатканын айтып арыз жазган. Бул факт Жазык кодексинин 206-беренесинин (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 26-январь күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан Бишкек шаарын карай багыт алган Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну А.М. кармалды. Кармалган жигит мурда 3 жолу оор беренелер менен соттолгону аныкталды.