Ош шаарында жарандык аялын сабаган кримавторитет “Акбала” кармалды | Эркиндик Медиа

Ош шаарында жарандык аялын сабаган кримавторитет “Акбала” кармалды

Ошто Акбала лакап аты менен таанымаал криминалдык авторитет Абабакир Дайнаев кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдары билдирди.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бейбаштыкка шектелүүдө.

Түштүк борбордун милиция бөлүмү маалыматты тастыктады. Алардын айтымында, шектүүнүн жарандык никеде жашаган аялы милицияга кайрылган.

«Ал 21-январда жарандык күйөөсү тарабынан сабалгандыгын айткан. Окуядан кийин ал киши качып кеткен. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча катталган. Кармалган адам мурда баңгизат сактагандыгы, опузалап талап-тоногон жана карактагандыгы үчүн сот жообуна тартылган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары профилактикалык каттоодо турат», – деп билдиришти редакцияга.