Ош шаарындагы митингде Мелис Мырзакматовду тарапташтары күтүүдө | Эркиндик Медиа

Ош шаарындагы митингде Мелис Мырзакматовду тарапташтары күтүүдө

Азыркы учурда Ош шаарында митинг дале уланууда. Алар: «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери, Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов учуп келатыптыр», — деген кабарды уккан соң, тарап кетпей күтүп турушканы маалым болду. Ошондой эле экс-мэрдин жакын санаалаштары Ош эл аралык аэропортунда күтүп жатышканы айтылууда.

Эске салсак, митингдегилер Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан чукул жыйын өткөрүүсүн талап кылышкан. Шаардык кеңештин депутаттары чукул жыйын өткөрүп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго 31 депутат ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Бирок Таалайбек Сарыбашов арыз жазган эмес, ал сотко кайрыла турганын билдирген.