Ошто 31 жаштагы аял кишини унаасы менен сүзүп, качып кеткен унаа табылды | Эркиндик Медиа

Ошто 31 жаштагы аял кишини унаасы менен сүзүп, качып кеткен унаа табылды

Ош шаарында 31 жаштагы аял кишини унаасы менен сүзүп, качып кеткен унаа табылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1-февраль түнү саат 04:30дар чамасында Ош шаарынын тургуну 1990-жылы туулган аял киши Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу маалымат берген. Анда ал Ош шаарынын Касымбеков көчөсү менен Раззаков көчөсүнүн кесилишиндеги дүкөндүн алдында Киа үлгүсүндөгү унаа сүзүп, качып кеткенин айткан.
Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы аталган унааны таап, айып короого токтоткон. Ал эми материалдар Ош ШИИБине өткөрүлүп берилген.