Ошто милиционер пара менен кармалды | Эркиндик Медиа

Ошто милиционер пара менен кармалды

Кечээ, 1-февралда Финансы полициясы Ноокат районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерин кармады.

Белгилүү болгондой, Ноокат районунда Ош-Баткен унаа жолунда пара талап кылып жаткан жеринен милиционер пара менен кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча Ноокат ИИБнин кызматкери жарандан паспортун кайтарып бергендиги үчүн акча талап кылган. Кармалган адам Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.