Пандемияда министрлик 1,5 сомдук бахилдерди 150 сомдон сатып алган | Эркиндик Медиа

Пандемияда министрлик 1,5 сомдук бахилдерди 150 сомдон сатып алган

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жеке коргонуу каражаттарын сатып алууда бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

2020-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин комиссиясы негизсиз, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдарды бузуп, жеткирүүчүлөрдүн коммерциялык сунуштарын четке каккандыгы аныкталды.

“Ф” ЖЧКсы менен түздөн-түз келишим түзүп эң жогорку баада атайын медициналык кийимдерди сатып алган. Мындан тышкары, коммерциялык сунуштардын шарттарын жана “Ф” ЖЧКсынын келишимин бузуу менен, техникалык шарттын талаптарына жооп бербеген 101 300 түгөй кол кап жеткирилген.

Ошондой эле «Ф» ЖЧКсы министрликке 1,5 сомдон 150 000 бахилдердин ордуна 150 сомдон 1500 даана саткан.

Ошентип, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилигинин жана жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 5 175 200 сом өлчөмүндө зыян келтирилген .