Пара менен кармалган Нургазы Анаркулов Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду | Эркиндик Медиа

Пара менен кармалган Нургазы Анаркулов Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сеитказыевич берген арызынын негизинде Кыргыз Респубикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов ри өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип кармалган.

Шектүү мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалгандыгы такталды.

“А. Н. С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык баюуну көздөп, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим кабыл алуу үчүн мамлекеттик жетекчи кызмат орундарынын бирине арыз берген адамдан өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылган” деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.