Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 20-декабрда болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 20-декабрында өтөт“-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда болуп өткөн. Бирок 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар митингге чыккан. Ал эми 6-октябрда БШК 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.