Премьер-министрликке мамлекеттин отличниги Улукбек Мариповдун кандидаты каралууда | Эркиндик Медиа

Премьер-министрликке мамлекеттин отличниги Улукбек Мариповдун кандидаты каралууда

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министрлик кызматына мамлекеттик кызматтын отличниги Улукбек Марипов каралууда. Бул тууралуу “Эркиндик Медиага” өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция Улукбек Мариповдун кандидатурасын колдоп жатат.

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Оштогу техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1997-2001 — “Кызыл Кетмен” дыйкан чарбасынын жетекчиси.
  • 2001-2002 — КР Каржы министрлигинде жетектөөчү адис.
  • 2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.
  • 2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.
  • 2005-2006 — Жогорку Кенештеги депутаттын консультанты.
  • 2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперти.
  • 2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.
  • 2010-жыл — КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.
  • 2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.
  • 2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президентинин жардамчысы;
  • 2015-2016 — КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 2016 — Эсеп палатасынын төрагасы.

Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.