Президент: “Утулуп калган партиялардагы мыкты жаштарды ишке тартабыз” | Эркиндик Медиа

Президент: “Утулуп калган партиялардагы мыкты жаштарды ишке тартабыз”

Президент Сооронбай Жээнбеков утулуп калган партиялардын дагы тизмелериндеги мыкты жаштарды мамлекеттик кызматтарга тартуу зарыл деп эсептейт. Ал мындай пикирин 3-октябрда “Биринчи радиого” берген маеги учурунда билдирген.

Анда Өлкө башчы партиялардын тизмесин карап чыккандыгын айткан.

“Партиялар биринчи ондукта, анан жыйырмага чейинки тизмеге абдан мыктыларды киргизгенге аракет кылыптыр. Мына ошол балдардын ичинен дагы карап көрүп, мыктыларын биз мамлекеттик кызматтарга тартышыбыз керек. Айрыкча, мыкты жаштарды» — деп белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы партиялардын талапкерлерин дебаттардан, партиялардын жер-жерлердеги эл менен болуп жаткан жолугушууларынан көргөнүн, ар бир партияда мыкты жаштар бар экенин белгиледи.

«Кудай буйруса, шайлоо бүткөндөн кийин, Жогорку Кеңеш кандай куралбасын, ушул маселени коюп, ал балдарды тартыш керек. Ошол шайлоодогу ойлоруна жетем деген максаттары менен, мамлекет үчүн чындап кызмат кылам деп жаны менен, чын ниети менен, чын жүрөгү менен сүйлөп, иштеп жаткан балдарды мен көрүп турам. Шайлоонун жыйынтыгында утулуп калган партиялардан мыктыларды тартууга аракет кылабыз. Бул менин максатым», — деген Президент Сооронбай Жээнбеков.

ЖКнын депутаттарын шайлоо кечээ, 4-октябрь күнү өткөн. Алдын ала берилген жыйынтыктарга караганда, «Биримдик» 24,53%; «Мекеним Кыргызстан» 23,9 %; «Кыргызстан» 8,74 %; «Бүтүн Кыргызстан» 7,09 % менен алдыга чыкты.

Андан кийин «Мекенчил» партиясы 6,85%, «Республика» 5,81% добуш алды.

Шайлоонун жыйынтыгын «Бир Бол», «Ата Мекен», «Реформа», «Замандаш», Социал демократтар партиялары тааныбай турганын жарыялашты. Оппозиция бүгүн, 5-октябрдагы Бишкекте тынчтык акциясын өткөрүп, анда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылганы жатат. «Ыйман Нуру» жана «Республика» партиялары шайлоо жыйынтыгы күмөндүү деген маалымат берди. «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү жыйынтыкты тааный турганын билдиришти.

Учурда борбордун Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын нааразычылык митинги өтүп жатат.