Профессор С.Мусаев Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси болуп дайындалды | Эркиндик Медиа

Профессор С.Мусаев Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси болуп дайындалды

21-январда тилчи илимпоз, профессор Сыртбай Мусаев Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Дайындоо жарлыгына президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов кол койгонун басма сөз кызматы билдирди жана бул маалымат интернетте да расмий жарыяланды.

Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын буга чейинки жетекчиси, тилчи, педагог, профессор Назаркул Ишекеев өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Сыртбай Мусаев 1953-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр кыштагында туулган. Ал – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор, Кыргызстан УИАсынын мүчө-кабарчысы.

Өз кезегинде С.Мусаев латын алфавитинин кыргыз тилине тиешелүү вариантын реформалоо тууралуу да макалалар жазган. 1988-89-жылдары ал кыргыз тилинин саясий макамы тууралуу публицисттик эмгектер да жарыялаган жана кийинчерээк эне тилдеги орфографияны реформалоо боюнча сунуштар киргизген.

Ал Кусейин Карасаев атындагы БГУнун ректору, КТРКнын (ал кездеги КТР) президенти кызматтарын да аркалаган.

Мусаев мырза учурда Конституциялык кеңешмеде мүчө катары да иш алып барууда. (TSh)