“Реформа” партиясы БШКдан 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнү талап кылат | Эркиндик Медиа

“Реформа” партиясы БШКдан 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнү талап кылат

“Реформа” саясий партиясы 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн кайтарып алууну көздөп жатат. Керек болсо, партия сотко кайрылууга даяр. Бул тууралуу партиянын лидери Клара Сооронкулова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, шайлоо жараксыз деп табылды, БШК партиялардын шайлоо күрөөсүн кайтарып бериши керек, бирок ал дагы деле болсо аткарыла элек.

“Аларга бир нече күн мурун кат жөнөткөнбүз, бирок жооп ала элекпиз. Бул жагдай мыйзамдарда жазылбагандыктан көйгөй жаралып жатат” – дейт Сооронкулова.

Ошондой эле, ал эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күрөөсүн кайтаруудан баш тартса, анда партия сотко кайрылууга даяр экендигин баса белгиледи.

Клара Сооронкулова БШК кайра шайлоо өткөрүү үчүн бюджетте каражаттын жоктугунан партиялардын күрөөсүн кайтарып берүүнү каалабайт деп эсептейт.