Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес деген маалыматка расмий жооп берилди | Эркиндик Медиа

Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес деген маалыматка расмий жооп берилди

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес делген маалыматка жооп берди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров алгачкы иш сапарын Россиядан баштоону көздөп жатат.

«Бул багытта жумуштар аткарылып жатат. Россия тарап менен бирге иш сапардын күнү жана мазмуну такталууда. Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес делген маалымат чындыкка дал келбейт. Коомчулукту чагымчыл билдирүүлөргө ишенбей, расмий түрдө такталган маалыматтарга ишенүүгө чакырам», – деди Галина Байтерек.