Россияда бизнес ачкан Ыманбек Суранчиев кыргызстандык ишкерлерге кеңеш берди | Эркиндик Медиа

Россияда бизнес ачкан Ыманбек Суранчиев кыргызстандык ишкерлерге кеңеш берди

“Эркиндик Медиа” маалымат агенттиги Россиядагы “Империя Права” Юридикалык ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору Ыманбек Суранчиев менен маек курду.

-Саламатсызбы, биринчи өзүңүз жөнүндө кыскача айтып кетсеңиз?

-Саламатсыздарбы, мен 1988-жылы 20-апрелде Кыргызстандын Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында кызматкерлердин үй-бүлөсүндө туулгам. Менин атам өмүр бою мамлекеттик ишканаларда айдоочу болуп иштеген, апам балдарын тарбиялоого өзүн арнаган. Үй-бүлөдө 5 бала – төрт уул жана бир кыз бар. Атам ар дайым биз, анын балдары, жогорку билим алып, татыктуу адамдар болушубузду каалап, бардык күч-аракет менен салым кошсо жана жардам берсе деп кыялданчу.

– Кыргызстандан кетип, башка өлкөдө эмгек кылууга эмне түрткү болду?

-Бул жакта 2007-жылдан бери туруктуу негизде жүрөм. Россияда жашап, иштөө чечими оңой болгон жок…Өлкөнү тандоо өзүнөн-өзү кабар берет: Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер тарыхый терең тамырларына ээ жана мекендештердин ири диаспорасынын жардамы эч качан ашыкча болбойт. Мындан тышкары, Россия Кыргыз Республикасынын жаранынын интеграциясы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок үй-бүлө менен жашоо жана жакынкы чет мамлекетте иштөө – бул татаал тандоо. Бирок Россияда билим алып, бизнес чөйрөсүндөгү амбицияны ишке ашыруу өз ишин аткарды!

-Россияга барганда алгач кайсы жумуштан баштадыңыз эле?

-Россияга үй-бүлөм менен келгенден кийин, мен жогорку билим алуу менен алек болуп, юридикалык университеттин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым. Бирок үй-бүлөмдү багуу жана окуумдун акысын төлөө үчүн мен биринчи бизнесимди – текстиль жана кийим-кечелерди дүңүнөн сатуу ишин баштадым. Бирок менин амбицияларым ушуну менен гана чектелип калбастыгын жакшы түшүнгөм. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере турган жогорку окуу жайды аяктаганда ала турчу дипломумду күтүп жаттым.

-Россияга барганда жаңы өлкө биринчи кандай таасир калтырды?

-Россиянын эң унутулгус таасири бул менин ишке ашуу үчүн дээрлик чексиз мүмкүнчүлүктөрдүн болушу! Мен бизнести өнүктүрүү жөнүндө гана айтып жаткан жокмун. Бул жаңы нерсени башынан баштап үйрөнүү жана бийиктикке жетүү мүмкүнчүлүгү, балдарыбызга дагы ушундай мүмкүнчүлүктөрдү берүү! Эң негизгиси адамдын өз каалоосунан!

– Эмне үчүн бизнесте юридикалык тармакты тандап алдыңыз?

-Окуу учурунда стажировкадан өтүү үчүн, мен белгилүү Москва юридикалык фирмасында жарым-жартылай иштей баштадым. Ошондой эле жарандарга, анын ичинде Кыргызстандагы менин жердештериме да, кыйын кырдаалга туш болгондо, аларга укуктук жардам көрсөтүп жүрүп, өзүмдүн аракетимдин мүмкүнчүлүгүн көрдүм! Цивилизациялуу коом мыйзамдын негизинде курулган, бирок мыйзамдар ушунчалык көп болгондуктан, эртедир-кечтир карапайым адамга квалификациялуу юридикалык жардам керек болот.
Баса белгилеп кетким келет: жарандарга жана уюмдарга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн ишкананы туура уюштуруу, убактылуу пайда алууга эмес, узак мөөнөттүү кызматташууга багытталган, кирешелүү бизнести өнүктүрүү үчүн түгөнгүс мүмкүнчүлүктөрдү берет!

– Канча жылдан бери иштетип келе жатасыз?

– Мен өзүмдүн юридикалык жардам берүүчү фирмамды 2014-жылы негиздегем жана дээрлик жети жылдан бери күн сайын, ар бир мүнөт сайын өзүмдүн жеке өнүгүшүмө арнап келем! Азыр мен үчүн 2014-жылга караганда оңой деп айтпайм, тескерисинче өнүгүү жаңы кыйынчылыктарды алып келет. Бирок артка кылчайып карасам, бүгүнкү күнгө чейин жетишилген натыйжаларга жетүү үчүн канчалык көп иштер жасалган. Мындан тышкары, эми менин баалуулуктарым жана максаттарым менен бөлүшкөн квалификациялуу адистер – командамдын жардамына ишене алам.

– Кыргызстанга келип бизнес баштоо планыңызда жокпу?

-Чынын айтканда, бул келечекке байланыштуу маселе. Учурда мен жетектеген юридикалык фирма Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына күн сайын укуктук колдоо көрсөтүп келет. Россиядагы кыргыз диаспораларынын көптүгүн жана мекендештер үчүн жасалган эбегейсиз зор жумуштарды эске алганда, Кыргызстанда бизнес баштоо маселеси узак мөөнөттүү тартипте турат.
Бирок биз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы интеграцияны, анын ичинде бизнес чөйрөсүн, ошондой эле LEGAL-TECH чөйрөсүндө санарип технологияларын өнүктүрүүнү унутпашыбыз керек. Мага Россия Федерациясынын аймагынан чыкпай туруп, Кыргызстанда бизнес уюштуруу, тактап айтканда, юридикалык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүк бар окшойт.

-Кыргызстандагы ишкерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?

-Азыр бир нече кеңештерим бар. Алар кичинекей болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок мага ишенгиле – алардын ар бири, бир гана мен эмес, көптөгөн ийгиликтүү ишкерлердин жеңишке жетүүсүнө жардам берген.

  • Окуугула. Башкача айтканда, билим алуу жөнүндө жөн эле сөз кылбастан, күн сайын жаңы нерсени үйрөнүүнү максат кыл. Билим жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!
  • Көз ирмемдик кирешени кубалабагыла! Мындай “жинди” акча эбегейсиз чыгымдарды алып келиши мүмкүн! Качан ар бир сомду маңдай тер менен тапканда, аны сизден эч ким ажырата албайт!!!
  • Ишкердик аброюңуздун үстүндө иштеңиз! Бекеринен айтышпайт: адегенде сен өз аброюң үчүн иштейсиң, андан кийин аброй сен үчүн иштейт. Жакшы ишкердиктин негизин чынчылдык түзөт! Менин тажрыйбамдын бардыгы айтып турат: абройду сактап калуу, кыска мөөнөттө жоготууга айланып кетсе дагы – ишенип койгула убакыттын өтүшү менен, бул жоготуу таза кадыр-баркынын аркасы менен толтурулат!