СҮРӨТ(+18) – Москвадан келген Нурсултандын сырдуу өлүмү | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ(+18) – Москвадан келген Нурсултандын сырдуу өлүмү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын 28 жаштагы тургуну Нурсултан Алмашов ушул жылдын 3-январь күнү каза болгон. Сокулуктун эксперттери анын өлүмүнө өзүнүн кусундусу себеп болгон деген жыйынтык чыгарышкан. Бирок жакындары буга ишенбей жатышат. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы катышкан.

Фото предоставили родственники Нурсултана Алмашова

Маркумдун карындашы Нуриза Алмашованын айтымында, Нурсултан бир үйдүн жалгыз эркек баласы болгон.

«3-январь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында агамдын телефонуна кимдир бирөө чалды. Анан «азыр келем» деп чыгып кетти. Түнкү саат 02:30да кошуналар көчөлөрдүн биринен анын жансыз денесин көрүп, милицияга телефон чалышыптыр. Ыкчам кызматкерлер таӊга маал саат 04:00дө келишти. Жанында 4 миӊ сомдой акчасы жана телефону бар болчу. Бирок алар жок болуп чыкты.

Сокулуктагы экспертиза өзүнүн кусундусуна какап, ал өпкөсүнө кетип, ошондон улам каза болгон деп жыйынтык чыгарышты. Биз бул жыйынтыкка макул эмеспиз. Анткени мурдунун үстү сыйрылган, башынан да жаракат алган экен. Аны болсо жыгылган деп жатышат. Агам ичимдик ичип, тамеки чекчү эмес. Бул ишти милиция жакшы карабай жатат», – деди ал.

Маркум 2012-жылдан бери Россияда башкы ашпозчу болуп эмгектенип жүргөн.

«Жыл сайын келип турчу. Сокулукта көп деле жашаган жок. 9-классты бүтүп эле шаарда жүрүп, андан ары Москвага кеткен. 2020-жылы сентябрь айында биротоло бул жакка келип, унаа алам деп жүргөн. Күзүндө үйлөнмөк. «Унаа ала турган акчаӊ бар турбайбы. Азыр албасаӊ, берип турбайсыӊбы» деп сурагандар болуптур. Шаардан эксперттерди алып келгенде муну өлтүрүп, унаа менен таштап кетишкен деген версияны айтышкан. Апам жалгыз бой эне. Агам үй-бүлөбүздө жалгыз эркек болчу. Апам «баламдын өлүмү табышмактуу болуп жатат» деп ишенбей жатат», – деди ал.