СҮРӨТ – “Аалам сулуусуна” Жапаровдун карындашы эмес башка кыз катышабы? | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – “Аалам сулуусуна” Жапаровдун карындашы эмес башка кыз катышабы?

“Кыргызстан сулуусу-2020” сынагынын жеңүүчү Нуркожоева Лазат кече, 25-январь күнү өзүнүн инстаграм баракчасына “Аалам сулуусу”сынагына катышарын жарыялап, коомчулукта талкууга алынган.

Белгилей кетсек, 2020-жылы 29-күнү “Кыргызстан сулуусу-2020” сынагы болуп өткөн. Анда калыстар тарабынан Лазат Нуркожоева тандалып алынган. Конкурстун шарты боюнча жеңүүчү  кыз автоматтык түрдө “Аалам сулуусу” сынагына бекер катышууга мүмкүнчүлүк алмак.

Бирок акыркы учурдагы жаңылыктарга көз чаптырсак, Анжелика Кайратова өзүнүн инстаграм баракчасына Алтынай Ботоярова атту кызга алтын таажысын белеке берип, ”Аалам сулуусу”сынагына катышарын жазып чыккан.

Ошондой эле, Алтынай дагы өзүнүн инстаграм баракчасына “Аалам сулуусу” сынагына катышарын жана ага уюштуруучулар тарабынан берилген “Аалам сулуусу” сынагына катыша турган тастыктоочу сертификаты менен бөлүшкөн.

 

 

 

 

 

 

 

Кошумчалай кетсек,  “Кыргызстан сулуу-2020”сынагынын уюштуруучусу Рыскуль Намазбекованын маектеринин биринде “Аалам сулуусу” сынагына Алтынай Ботаярова катышарын, Лазат Нуркожоеваны баардык эле акчасы бар кыздар катыша берүүгө мумкунчулугу бар сынака жиберерин айта кеткен.