СҮРӨТ – Анжеликанын гив-оюнунан мигрант мекендешибиз батир утуп алды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Анжеликанын гив-оюнунан мигрант мекендешибиз батир утуп алды

Ырчы Анжелика менен вайнер Шумкарбек Бейшеналиевдин гив-оюнунан Россияда иштеп жүргөн мекендешибиз батир утуп алды. Бул тууралуу ырчы айым жеке баракчаасы аркылуу билдирди:

“Биринчи жолу Кыргызстанда батир ойнотулду! Бир кыз, бир уулдун атасы, азыр Москвада иштеп жаткан мекендешибиз Кайрат биздин гив-оюнунбуздан 1 бөлмөлүү батир утуп алды.
140,000 катышуучуну 7ге бөлүп (ар 20,000ден) 7жеңүүчүдөн рандом аркылуу түз эфирде спонсорлордун катышуусунда ойноттук!
Чалаарыбыз менен ыйлап жиберди. Аллахтын буйругу менен бул белек жеңүүчүбүзгө буйрусун”, – дейт ал өз сөзүндө.