СҮРӨТ – Аравандын аксакалдары өз арызы менен кеткен аким К.Айтибаевди өз ордуна алып келишти | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Аравандын аксакалдары өз арызы менен кеткен аким К.Айтибаевди өз ордуна алып келишти

Бүгүн, 7-октябрда Араван районундагы аксакалдар 6-октябрда өз арызы менен кеткен Араван районунун Мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айтибаев Курбанбек Гайыпбековичти кайра орудна алып келишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургун билдирди.

Анын айтымында, аксакалдар акимге “бийлик өздөрү алмаштырганга чейин кайра Аравандын тынчтыгы үчүн иштеп бер” деп айтышкан. Аким өзү элдин тынчтыгын сактап берүүнү өз мойнуна алды.

Башка мекемелер да өз ордунда кала турган болду.

“Урматтуу аксакалдар, сиздерге рахмат биз Араван эли бөлүнбөйбүз, биримдикте жашайбыз. Кээ бир адамдар, Аравандын тынчтыгын бузбагыла, уялгула”, – деди элге кайрылган аравандык тургун.