СҮРӨТ- Бадыева: Мага же балдарыма бир нерсе болсо, досторум күнөлүүнүн сүрөтүн жарыялашат | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Бадыева: Мага же балдарыма бир нерсе болсо, досторум күнөлүүнүн сүрөтүн жарыялашат

Ырчы Бактыгүл Бадыеванын дарегине коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу ырчы өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.«Азыр менин дарегиме карата коркутуулар болуп жатат. Бир нерсени айтып койгум келет, мен эч нерседен коркпойм», – деп жазат ырчы.

Бадыева жакындарына анын өмүрүнө коркунуч келтирүүсү мүмкүн боло турган адамдардын сүрөтүн жана өзүнүн кайрылуусун жөнөтүп койгонун белгиледи. Ошону менен катар ал мамлекеттик жумушта иштегендердин жубайларынын жана балдарынын байлыгы каяктан келгенин жакшылап изилдей келсе билине турганын кошумчалады.

Шоу-бизнес өкүлдөрү ырчыга колдоо сөздөрүн байма-бай жайгаштырышууда. Алар дагы коркутуу ким тарабынан болуп жатканын такташкан жок.