СҮРӨТ- Баткенде 2 ай изделип жансыз денеси үйүнүн жанындагы тикенектен табылган Мактым Кожонованын сөөгү жерге берилди | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Баткенде 2 ай изделип жансыз денеси үйүнүн жанындагы тикенектен табылган Мактым Кожонованын сөөгү жерге берилди

Баткенде дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү кечээ, 24-январда саат 15:00до жерге берилди. Бул тууралуу айылдаштары билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге укук коргоо органдары келип, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, андан кийин жаназасы окулуп жерге берилген.

Ал эми Баткен ОИИби Эркиндик Медиа маалымат агенттигине төмөнкүдөй маалымат берди:

“Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Кожонова Мактым өзү жашап жаткан үйүнөн 2020-жылдын 23-ноябрь күнү болжол менен саат 20:30дар чамасынды чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Бул факты Баткен ШИИБнин КЖБРне дайынсыз жоголуу беренеси менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүрүп келген.

2021-жылдын 24-январь күнү дайынсыз жоголгон Кожонова Мактымдын жансыз денеси өзү жашаган үйдөн 200 метр алыстыктагы тикендүү бүлдүркөндүн арасынан табылган. Бул маалымат Баткен ШИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Жансыз дене табылган соң, соттук-медициналык экспертиза дайындалды”.