СҮРӨТ- Бельгияда каза болгон кыргызстандык миллиардер Токмокто жерге берилет | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Бельгияда каза болгон кыргызстандык миллиардер Токмокто жерге берилет

Токмокто Кыргызстанда Граф деген ат менен белгилүү болгон ишкер Алиджан Ибрагимовду акыркы сапарга узатууга даярдыктар башталды. Анын үйүнө боз үй тигилип жатат. Маркумдун сөөгү эртең, 4-февралда болжол менен таңкы саат 7де жеткирилет.

Эске салсак, алдын ала маалыматтар боюнча, Ибрагимов 67 жаш курагында коронавирустун айынан көз жумган. Ал Бельгияда каза болгон, бирок анын сөөгү өзүнүн өскөн жери Токмок шаарында болот.

Белгилей кетсек, Ибрагимов Өзбек ССРинин Фергана облусунда туулган. Бирок ал төрөлгөндөн баштап эле Токмокто жашаган. Ошондой эле ал өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүн ошол жерден баштаган.
Алиджан Ибрагимов Казакстандагы эң бай бизнесмендердин бешинчиси. Forbes журналынын 2016-жылдагы маалыматы боюнча, анын жеке байлыгы 1,8 миллиард долларга бааланган.Ошондой эле ал Казакстандагы эң таасирдүү беш ишкердин катарына кирет.

В Токмаке начали готовиться к похоронам бизнесмена Алиджана Ибрагимова (фото, доходы )

В Токмаке начали готовиться к похоронам бизнесмена Алиджана Ибрагимова (фото, доходы )