СҮРӨТ – Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги мектепти күтүүсүз текшерди | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги мектепти күтүүсүз текшерди

Анын айтымында, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев онлайндан салттык окутуу режимине өткөн Бишкектеги №28 жалпы орто билим берүүчү мектеп-лицейине күтүүсүз барды.
“Билим берүү министри балдардын сабактарына катышып, мектептин окуу процессинин жүрүшүн жана санитардык эрежелердин сакталышын текшерди. Ошондой эле, министр мектеп жетекчилигине, мугалимдерге жана пандемия шартында окуучулардын ден соолугуна кам көрүп жаткан медициналык персоналга ыраазычылык билдирди”, – деди ал.