СҮРӨТ- Бишкекте көчөдө токтоп турган унаанын дөңгөлөктөрүн чечип, уурдаган шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Бишкекте көчөдө токтоп турган унаанын дөңгөлөктөрүн чечип, уурдаган шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери авто унаалардын дөңгөлөктөрүн жана катализаторлорун урдоого шектүү жаранды кармады.

2021-жылдын 26-январда болжол менен саат 06:10 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Павлов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен дөңгөлөгүмдү чечип кетишти” деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин “Гольф-3” үлгүсүндөгү авто унаасынын 2 дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чечип, уурдап кетишкен. Ошондой эле 14 000 сомдук зыян келтирген.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган К.А. аттуу жаранды дагы башка “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү авто унаанын катализаторун алуу максатында авто унаанын дөңгөлөктөрүн чыгарып жаткан жеринен кармашып, Бирнчи Май райондук Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Бирнчи Май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.