СҮРӨТ- Бишкекте киши жубайынын төрөтүн өзү кабыл алууга аргасыз болду | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Бишкекте киши жубайынын төрөтүн өзү кабыл алууга аргасыз болду

Бишкекте эркек киши аялынын төрөтүн өзү кабыл алды: Тез жардам кызматынын дарыгерлери чакырууга келгенге үлгүргөн жок. Бул тууралуу Юлия Барабина-Шеворакова аттуу колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аялдын толгоосу 17-январда башталган. «Ошол күнү саат 21.30да биз төрөт үйүнө келдик, гинеколог аны карап чыгып, апасы, кудайы жана башкалары менен ант берип, бейшембиге чейин төрөт болбойт деп айткан. Биз үйгө кайтып келдик. Түнү бою аялым кыйналды. Толгоо күчөдү. Саат 8.00дө бардыгы башталды. Мен Тез жардамды чакырдым, алар отуз мүнөттө да бригаданы жөнөтүшкөн жок. Мага кеңеш беришкен жок. Алар телефонду албай коюшту. Мен канды да, баланын башын да көрүп жатам деп айттым, жубайым аябай кыйналып жатты. Жардамды күтүүгө кажет жок экендигин билгенде, колумду жууп, сүлгүмдү алып, аны ыйын деп кыйкыра баштадым. Колумду сунуп, кызымды тосуп алдым. Шок абалда, ымыркайды колумда кармап турдум”, – деди бактылуу ата.

Белгиленгендей, тез жардам тобу төрөттөн бир сааттан кийин гана келген.
Борбор калаанын тез жардам кызматынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов окуяга комментарий берип жатып, 24.kg агенттигине билдиргендей, чакыруу саат 8.20да түшкөн. «Саат 9.05те бригада ордунда болгон. Чалуу аябай көп болуп жаткан учур болчу. Гинекологиялык топ бош эмес эле. Бейтап көп күттүрбөш үчүн, ал жерге реанимация тобу жөнөтүлгөн. Экинчи төрөт, үйдө болду. Бала менен эне биринчи төрөт үйүнө жаткырылды. Алардын абалы жакшы», – деп баса белгиледи ал.