СҮРӨТ: Бишкекте митингге карабай тазалык иштери уланууда | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ: Бишкекте митингге карабай тазалык иштери уланууда

Бишкек шаардык мэриясынан билдиргендей, Шаардык муниципалитеттин кызматкерлери кадимки режимде иштеп жатышат.

“Эч нерсеге карабастан шаарда иш уланууда” дешти мэриядан.

Өлкөдөгү саясий абал курч бойдон калууда. Кечээ, 6-октябрда Бишкек шаарында уюшулган айрым топтор мамлекеттик, жеке жана стратегиялык мекемелерди басып алууга аракет кылган.

Бүгүн, 7-октябрга карата абал салыштырмалуу тынч. Бирок массалык эмес митингдер уланууда.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы тарап жана жарандар митингге чыккан. Алардын талабы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү экени айтылган. Катышуучулардын саны улам көбөйүп отуруп, ал массалык митингге айланган. Натыйжада укук коргоо органдары менен нааразы жарандардын ортосунда кагылышуу жүрүп, андан эки тараптан тең жаракат алгандар болду. Арасында бир жаран каза болгону кийин маалымдалды.