СҮРӨТ – Бишкекте тапанча менен кошунасын өлтүрөм деп коркуткан шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Бишкекте тапанча менен кошунасын өлтүрөм деп коркуткан шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери кошунасын тапанча менен коркуткан жаранды кармады. Бул тууралуу Эркиндик Медиага аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-октябрда болжол менен саат 24:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде тапанча менен коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1976-жылы туулган Г.Э аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 24:30 чамасында 1981-жылы туулган В.А аттуу жаран арыз ээсин травматикалык тапанча менен өлтүрөм деп коркуткан. Ал ошол жаранга карата кызматкерлерден чара көрүүнү өтүнгөн.

Жазылган арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-аракетин уюштуруп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган В.А аттуу жаран кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 255-берененин (Куралды этибарсыз сактоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.