СҮРӨТ- Дүкөндө соода кылып жаткан баланы тоноп кеткен шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Дүкөндө соода кылып жаткан баланы тоноп кеткен шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады.

2021-жылдын 27-январында болжол менен саат 16:50 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Жумабеков көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринде акчамды жана чөнтөк телефонумду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1977-жылы туулган М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда баласы дүкөндө соода кылып жаткан учурда белгисиз жаран кирип келип, коркутуу жолу менен 13 700 сомдук “Samsung Galaxy A11” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 900 сом өлчөмүндө акчасын ачык түрдө тартып алып, качып кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.А. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи Май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алыныды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.