СҮРӨТ – Финпол: “Кыргыз темир жолунун” кызматкерлери вагондорду мыйзамсыз кесишип, темирлерди сатышкан | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Финпол: “Кыргыз темир жолунун” кызматкерлери вагондорду мыйзамсыз кесишип, темирлерди сатышкан

Финпол “Кыргыз темир жолунун” кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылардын бетин ачты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары өзүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн темир жол вагондорунун темирлерин мыйзамсыз түрдө кесишип, сатышып, натыйжада мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиришкени аныкталды”, – деп билдиришти редакцияга.

Металл сыныктарына сатылган унаалардын так саны жана мамлекетке келтирилген зыян такталууда. Окуя фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

24.kg маалымат агенттиги өздүк булактарынан «Кыргыз темир жолу» компаниясы 200гө жакын темир жол вагонун ушундай жол менен эсептен чыгарууга даярдаганын билди.

Фото пресс-службы ГСБЭП

Фото пресс-службы ГСБЭП