СҮРӨТ- Коррупция менен күрөшүү кызматы «Элит Хаус» компаниясынын мыйзамсыз курулуштарын тапты | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Коррупция менен күрөшүү кызматы «Элит Хаус» компаниясынын мыйзамсыз курулуштарын тапты

УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматы уруксат берген документтери жок туруп көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушу жүргүзүлгөн коррупциялык схеманы тапты. Tazabek басылмасы булактарына шилтеме берип билдирген маалымат боюнча, мыйзам бузуулар аныкталган объектилер «Elite House» («Элит Хаус») курулуш компаниясына тиешелүү.

Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, «Elite House» ЖЧКнын жетекчиси — Нармедов Руслан Нармеджанович. Түзүүчүлөр — Нармедова Шахинура Нармеджановна, Файзиев Тимур Азаматович.

Компания 2018-жылдын 4-сентябрында каттоодон өткөн.

Сөз болуп жаткан объектилер:

«Эл Классик»

«Эл Классик» объектиси Чуйков менен Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Имарат 12 кабаттан туруп, 4500 кв.м. аянтты ээлейт.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/38/1097738.45ca5d9fa89e8348afbd69d3a21d70c7.jpg

https://st-0.akipress.org/st_gallery/39/1097739.57351f6628018455a8ed42bc16659076.jpg

«Эл Классик +»

Объект Чуйков менен Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 12 кабаттан турат.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/53/1097753.74b9b392674cca2e1accd153e15eb97f.jpg

https://st-0.akipress.org/st_gallery/54/1097754.7ee55f4f72322d1cdd2b5eb450ceb583.jpg

«Континенталь»

Имарат Элебаев менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Компаниянын маалыматы боюнча, бул имарат 13 кабаттуу болуп курулуп, 6 миң кв.м. аянтты ээлейт.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/52/1097752.d866cdfa0c8b7df23a0da991070f9c12.jpg