СҮРӨТ – Кубик Калыковдун кызы турмушка чыгат | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Кубик Калыковдун кызы турмушка чыгат

Куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков кичүү кызы Аймээири турмуш жолуна узатып жаткан чагы. Бул жаңылыкты куудул мырзанын кызы, ырчы Айпери Кубик кызы жеке баракчасы аркылуу билдирди.

“Биздин үйдүн кенжеси, эркетайы, апамдын кара жөжөсү буюрса, Ошко келин болгону турат. Ош жергеси менен кудалаштык.

Кечээ эле там-туң басып, ар бир кылыгың жагымдуу, ар бир сөзүң таттуу, тилиң ширин томпойгон кыз элен. Эми мына Аллахтын буйругу менен турмуш жолуна аттанганы турасын.

Аллах эки дүйнө бактылуулугун насип этсин. Бактың тоодой жана түбөлүктүү болсун.
Ыймандуу келин эмес кыз бол”,- дейт ал.

Эске сала кетсек, Кубик Калыковдун 1 уул, 2 кызы бар. Кызы Айпери менен уулу Улан атасынын жолун улап чыгармачылык менен алектенип жүрүшөт. Ал эми 19 жаштагы Аймээри чыгармачылыктан алыс.

View this post on Instagram

Бардык каалоо тилектерге Аллах ыраазы болсун 🤲 Биздин уйдун кенжеси,эркетайы,апамдын кара жожосу @kalykova.ak ❤️ Буйруса Ошко Келин болгону турат🤲 Ош жергеси менен кудалаштык😊 Кечээ эле там тун басып,ар бир кылыгын жагымдуу,ар бир созун таттуу,тилин ширин томпойгон кыз элен🥰😘 Эми мына Аллахтын буйругу менен турмуш жолуна аттанганы турасын❤️ Аллах Эки дуйно бактылуулугун насип этсин 🤲🤲🤲 Бактын тоодой жана туболуктуу болсун🤲 Ыймандуу Келин эмес Кыз бол❤️

A post shared by Айпери Кубик кызы (@aiperikubikkyzy) on