СҮРӨТ- Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номур менен жүргөн айдоочуну кармады | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номур менен жүргөн айдоочуну кармады

Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номур менен жүргөн айдоочуну кармады.

2021-жылдын 30-январда Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 13:45 чамасында Жумабек жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган “Honda CR-V” үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан.

Кызматкерлер авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда, мамлекеттик номуру башка “Toyota Highlander ” үлгүсүндөгү авто унаага тиешелүү экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча авто унаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, ал эми 1982-жылы туулган О.Э. аттуу айдоочусу Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.