СҮРӨТ- «Оңдоп-түзөө иштери болбогондой»: 64 млн сом бөлүнгөн «Семетей» госпиталы | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- «Оңдоп-түзөө иштери болбогондой»: 64 млн сом бөлүнгөн «Семетей» госпиталы

Маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы — ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү Айдай Турсунбекова оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн «Семетей» госпиталынын сүрөттөрүн көрсөттү.

Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштерине 64 млн сом бөлүнгөн:

– 45 млн сом профилин өзгөртүүгө;

– 500 миң сом мончо-кир жуучу комплексти оңдоого;

– 600 миң сом лаборатордук блокту оңдоого кеткен.

«Дубалдарды көк баскан. Мен биринчи жолу оңдоп-түзөө иштеринде линолеумдардын кошулган жерлери скотч менен чапталганын көрдүм. Сүрөттөрдө «Семетей» госпиталында оңдоп-түзөө иштери болбогондой көрүнөт», – деди Турсунбекова.