СҮРӨТ – Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды

Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун 9 айында 250 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 24 учурга аз катталган. Жол кырсыгынын кесепетинин каза болгон адамдардын саны 34,8 пайызга, жаракат алгандар 22,8 пайызга кыскарган. Жол эрежелеринин талаптарын бузуунун 21 миң 305 учуру аныкталса, анын ичинен 543 айдоочу мас абалында кармалган.

“Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин айтымында, жол кырсыктарынын дээрлик көпчүлүгүн айдоочулар тарабынан, ал эми жөө жүргүнчүлөр болгону 25 жол кырсыгына себепкер болгон. Ошондой эле, унаа жолдордун начар абалдары жана сапаттары стандарттарга дал келбестиги да бирден бир жол кырсыктарына себеп болуда. Мына ушундай жагдайдан улам, отчеттук мезгилде 43 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 16 адам каза болсо, 73 ар кандай жаракаттарды алышкан”, – деп жазылат маалыматта.