Саат 14:00гө чейин 990 миң 492 шайлоочу добуш берди, кайсы облуста канча киши? Тизме
Саат 14:00гө чейин 990 миң 492 шайлоочу добуш берди, бул жалпы шайлоочулардын 28,11 пайызын түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Добуш бергендердин саны:
– Ош шаарында 35,24% же 63 415 шайлоочу;
– Жалал-Абад облусунда 30,2% же 194 447 шайлоочу;
– Талас облусунда 29,85% же 44 486 шайлоочу;
– Нарын облусунда 28,99% же 51 077 шайлоочу;
– Ош облусунда 28,45% же 194 210 шайлоочу;
– Бишкек шаарында 27,49% же 136 804 шайлоочу;
– Чүй облусунда 26,76% же 156 966 шайлоочу;
– Баткен облусунда 26,41% же 75 082 шайлоочу;
– Ысык-Көл облусунда 25,45% же 74 005 шайлоочу.