Садыр Жапаров “911” режиминде иштөөгө аргасыз болот | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаров “911” режиминде иштөөгө аргасыз болот

Саясий серепчи Игорь Шестаков жаңы шайланган президент Садыр Жапаров “911” режиминде иштеши керек деп эсептейт – термелгенге убакыт жок. Бул тууралуу ал бүгүн “Кыргызстан президенттик шайлоодон кийин” деген тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясынан кийин, бюджеттен 500 миллион доллардан ашык чыгым жана мигранттардын кайтып келиши менен, өлкөдө катастрофалык экономикалык кырдаал түзүлдү. Бир дагы президент мындай кыйроого туш болгон эмес.

“Садыр Жапаров биринчи мүнөттөн баштап эң оор экономикалык маселелерди чечиши керек. Демек, натыйжалуу мамлекеттик бийликке болгон талап жогорулоодо. Менин оюмча ушул себептен 10-январдагы референдумда жарандар президенттик башкаруу формасын колдошту. Өкмөт жана президент “911” режиминде иштеши керек болот, – деди Игорь Шестаков.

Бирок, Садыр Жапаровдо футболдук терминологияны колдонсок, көпкө чейин ойной албайт. Анын шериктери бар, бирок кадрдык потенциал жок.

Ал кошумчалагандай, тышкы саясат кандайча курулаары боюнча тактык жок. Донор-өлкөлөр токтоп турат жана сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. Эксперт Европа Биримдиги жана Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаров парламентаризмди өнүктүрүү идеясынан баш тартты деп чочулап жаткандыгын, ошондуктан алар жакын арада “капчыктарын ачат” деп үмүттөнбөшү керектигин баса белгиледи.