Садыр Жапаров инаугурация күнү жолду жабууга тыюу салып, 10 миллион сомдук чыгымга каршы чыкты | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаров инаугурация күнү жолду жабууга тыюу салып, 10 миллион сомдук чыгымга каршы чыкты

Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин анын пресс-катчысы Адинай Марипова билдирди.

“Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары, Президент болгондон кийин баарынан ГАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот”,- деп айтылат билдирүүдө.