Садыр Жапаров: Куран кармап туруп айта алам, Кудай төбөдө карап турат Жээнбеков менен дагы, Матраимов менен дагы жолуккан жокмун | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаров: Куран кармап туруп айта алам, Кудай төбөдө карап турат Жээнбеков менен дагы, Матраимов менен дагы жолуккан жокмун

“Куран кармап туруп айта алам, Кудай төбөдө карап турат Жээнбеков менен дагы, Матраимов менен дагы жолуккан жокмун. Эч ким менен жолуккан эмесмин”,- дейт Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Жапаров учурда өзүн премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүп жаткан Өкмөт үйүндөгү Тилек Токтогазиевдин аракеттерин сындады.

“Саясатты жакшы түшүнбөгөндүктөн менин премьерлигимди легитимдүү деп тааныбай жатат. Мен деле эски саясатчыларды келтирбейин деп атам, жаштардын талабы туура. Бирок келип калса эле 2  айдан кийин жаңы система кирет да, бардыгы алмашат. Министрлер бардыгы конкурс менен алынат”,- деди.