Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын бошотуп берди. Өкмөт отставкага кетти | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын бошотуп берди. Өкмөт отставкага кетти

Президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын бошотуп берди. Бул тууралуу журналисттерге президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбектов билдирди.

Анын айтымында, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканда Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын бошотуп берип, азыркы өкмөт отставкага кетти.

“Ушул эле документ боюнча азыркы өкмөттүн мүчөлөрү жаңы өкмөт шайланганга чейин милдеттерин аткарууну улантат”, – деди ал.