Садыр Жапаров: Президенттик башкаруу — калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаров: Президенттик башкаруу — калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-январдагы ант берүү аземинин алкагында президенттик башкаруу тууралуу да кеп кылды.

«Мамлекетибиздеги башкаруу формасы тууралуу маселе кызыл чеке түшүргөн кызуу талкууну жаратып, мындай тарыхый кезеңди баштан кечирүү да маңдайыбызга жазылган экен. Бул да тегин жерден эмес.
Соңку тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчилиги үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийлик системасына муктаж!

Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара алаарын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген.

Президенттик башкаруу – адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт.

Тар, өзүмчүл кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келээрин, аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы билебиз.
Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу – калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү.

Ошону менен бирге, президенттик башкаруу – өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдү, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет.

Биздин максат — мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу.

Алдыдагы конституциялык реформа ушул максаттарга багытталган», – деди Садыр Жапаров.