Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи Россияга барат | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи Россияга барат

Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий түрдө киришкенден кийин алгачкы чет өлкөлүк иш сапарын Россиядан баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда вице-премьер-министрдин милдетин аткарууучу Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарында жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү маселесин көтөрүүнү көздөп жатканын белгиледи.