Садыр Жапаров президенттик кызматка киришти | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришти

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземи Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.

БШКнын төрагасы Нуржан Шилдабекова кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жетишти деген токтомду окуп берди.

Шайланган президент кыргыз элине ант берди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысы катары Кудай жана эл алдында акыйкат башкарып, адам укугун коргоп, Конституциянын ченемдерин сактайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Садыр Жапаровго президенттик күбөлүктү жана стандартты тапшырды. Залда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырды.