Садыр Жапаровдун ант берүү аземинде артиллерия колдонулат, – президенттин басма сөз катчысы | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаровдун ант берүү аземинде артиллерия колдонулат, – президенттин басма сөз катчысы

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун ант берүү аземинде артиллериялык аскер техникасынын колдонулушу тууралуу маалымат берди.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ант берүү аземи мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болуп саналат. Президенттик кызматка киришип жаткан адам өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы дагы болот. Ошондуктан артиллериялык аскер техникасын колдонуу – бул инаугурациянын атрибуттарынын бири жана колдонулуп жүргөн практика.

Белгилей кетүүчү нерсе, буга ашыкча чыгым сарпталбайт, анткени артиллериялык аскер техникасы күн сайын күжүрмөн даярдыкта турушат. План боюнча, артиллеристтер күжүрмөн даярдык боюнча машыгууларды өткөрүп турушат. Ошондуктан бул учурда эч кандай кошумча каражат сарпталбайт», – деди Г.Байтерек.

Буга чейин 25-январда Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы сейил бакка президенттин ант берүү аземине даярдануу үчүн артиллериялык аскер техникасы киргизилери маалым болгон.