Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон сапары Кыргызстан үчүн жемиштүү болот | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон сапары Кыргызстан үчүн жемиштүү болот

Өткөн жумада өлкө башчысы Садыр Жапаров Россия Федерациясына президент катары алгачкы расмий сапары менен барды. Өлкө башчысынын бул иш-сапары мамлекетибиз үчүн жемиштүү болду. Газдын баасын төмөндөтүү боюнча жана башка бир топ маанилүү маселелер талкууланды.
Садыр Жапаровду коңшу мамлекеттердин башчылары расмий иш-сапары менен келип кетүүгө чакырышууда. Бул анын башка мамлекеттердин башчыларынын алдында кадыр-баркынын жогору экендигинин белгиси.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Казакстанга келип кетүүгө чакырган. 2-3-март күндөрү Жапаровдун аталган өлкөгө расмий сапары болоору айтылды. Демек, бул жолугушуудан да биздин мамлекет үчүн пайдалуу келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Акыйкатсыз түрмөдө жатып, кийин бийликтин туу чокусуна жеткендер чанда саналат. Садыр Жапаров адилетсиздиктин, акыйкатсыздыктын азабын өз башынан өткөрдү. Демек, туура жолдо иштеп, мамлекетибизди саздан сууруп чыгып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кошо алаарына ишеним зор.