Самара Каримова кайрадан көңүл чордонунда | Эркиндик Медиа

Самара Каримова кайрадан көңүл чордонунда

Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын жамааты ырчы Самара Каримованын директор болушуна нааразы болушууда.

Соттун чечими күчүнө кире электигине карабай ырчы директордун иш бөлмөсүнө кирип иштеп жатканын айтышууда.

Буга чейин аталган окуу жайдын эмгек жамааты ырчыга каршы чыгышып, Бишкекке чейин жөө жүрүш кылышарын билдиришкен.

Белгилей кетсек, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын мурдакы директор Нурлан Каримов документтерди толугу менен мыйзам чегинде өткөрүп берген.