Самара Каримова:” Толук өткөрүп алып, иштеп жатам. Түшүнбөстүктөргө чекит койдук” | Эркиндик Медиа

Самара Каримова:” Толук өткөрүп алып, иштеп жатам. Түшүнбөстүктөргө чекит койдук”

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында директорлук кызматты толук өткөрүп алып, иштеп жаткандыгы тууралуу өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.

“Документ бардык буюмдарды Нурлан Каримов өзү келип өткөрүп берди. Бардыгы мыйзам чегинде толук өткөрүп алып, иштеп жатам. Баарыңыздарга чоң рахмат. Чоң бурулуш, өнүгүүлөр алдыда. Биздин окуу жай эң алдыңкы окуу жай жана ошол бойдон калат. Нурлан Каримов сизге чоң рахмат. Түшүнбөстүктөргө чекит койдук”,- деп жазган Каримова.

Белгилей кетсек, Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Ырчы бул боюнча сотко кайрылып, утуп алгандыгы кабарланган.