Шайлоо бюллетенин сүрөткө тартууга эмнеге болбойт? | Эркиндик Медиа

Шайлоо бюллетенин сүрөткө тартууга эмнеге болбойт?

Шайлоо бюллетенин сүрөткө тартууга мыйзамда жол берилбей тургандыгын шайлоо участкасындагы кабинага кирген ар бир адам билүүсү зарыл. Анткени кабинанын ички бетинде бюллетенди сүрөткө жана видеого тартууга болбойт деген белги чапталып турат.

Конституциянын “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин 12-пунктуна ылайык, бюллетенин сүрөткө тартуу же бюллетенге белги коюп жаткан учурун видеого тартууга, аны таратууга, шайлоо тилкесинен алып чыгып кетүүгө жол берилбейт. Эгер шайлоочу бюллетенин сүрөткө тартса, ал бюллетень жараксыз деп табылат. Анткени добуш берүү сыр сакталышы керек.

Эгер сиз мыйзамды аттап өтүп, бюллетенди сүрөткө тартып алгандыгыңыз аныкталса, сизди 500 сомдон 1000 сомго чейин айып пул төлөө жазасы күтөт. Мындан тышкары мыйзам бузган жарандын үстүнөн акт түзүлүп, тиешелүү жазага тартыласыз. Ал эми бул боюнча БШКнын мыйзам алдындагы актысы бар. Ага ылайык, шайлоонун жүрүшүндө бюллетенди сүрөткө тарткан шайлоочу 11 суткадан 15 суткага чейин коомдук жумушка тартылуу же 180 миң сомдон 220 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилет.