Шайлоочулардын арасында COVID-19 менен ооругандар катталган жок | Эркиндик Медиа

Шайлоочулардын арасында COVID-19 менен ооругандар катталган жок

Шайлоо участогуна келгендердин арасында коронавирус менен ооруган адамдар аныкталган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ага журналисттер саат 18:00дөн кийин дене табы көтөрүлгөн, оорунун белгилери барлар добуш берери айтылганын, канча адамдан аталгандай белгилер табылганын сурашты.

Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү андай адамдар катталбагандыгын айтып жооп берди.

Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешке арналган 1912 адам талапкер болуп катталган.