“Шектүүлөр кармалды” Дарыядан жансыз денеси табылган милиционер жерге берилет | Эркиндик Медиа

“Шектүүлөр кармалды” Дарыядан жансыз денеси табылган милиционер жерге берилет

Алай районунда өлтүрүлгөн милиция кызматкери бүгүн, 29-январда акыркы сапарга узатылат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышкерлердин колунан милициянын 31 жаштагы лейтенанты Эркулов Нурланбек Ибрагимжанович каза тапты. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты туулган айылында өтөт.

Нурланбек Эркулов 1989-жылы Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында төрөлгөн. 2010-2011-жылдары №2024 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. 2012-2017-жылдары №71137 аскер бөлүгүндө кызматкер, 2019-жылдын 15-мартынан өмүрүнүн аягына чейин Алай РИИБнин милициянын участкалык өкүлү кызматын аркалап келген. Ички иштер органдарында аз убакыт иштегенине карабастан кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болгонго жетишкен. Үй-бүлөлүү, артында жубайы, 4 жана 2 жаштагы уулдары калды.

Окуя тууралуу:

Ош ОИИБ кечээ, 28-январда Алай районунун Кыркол айылында Гүлчө дарыясынан денеси табылган адам милиция кызматкери экенин билдирген.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, кечээ саат 16:30 чамасында Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Кыркол айылынын аймагында Гүлчө дарыясында 30-35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн. Жансыз денени ӨКМдин кызматкерлери алып чыккан. Ал Алай РИИБдин 32 жаштагы участкалык кызматкери Э.Н. экени аныкталды. Денени сырттан кароо жүргүзгөн учурда башынын аркы тарабында 4 жеринде, оң кулагынын үстүндө, оң колунда жана бел тарабында жаракаттар бар экени байкалып, адам колдуу болгону белгилүү болгон.

Бул кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Ош ОИИБдин жана Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, Алай районунун Буудалык айылынын 54 жаштагы тургуну О.Э., 32 жаштагы тургуну Ч.И. жана 31 жаштагы С. уулу Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмышка шектүү 31 жаштагы адам мурда Россияда каракчылык боюнча соттолгон.

Каза болгон кызматкер 2021-жылдын 28-январь күнү эртең менен жумушка барган эмес. Мындан улам жетекчилиги издей баштаган. Издеп жаткан учурда денеси табылган. Айрым массалык маалымат каражаттарында «2 күн жумушка барган эмес» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Маркум 2020-жылдын 27-январь күнү саат 21:00гө чейин жумушта болгон. Жумуш убактысы бүткөндө үйүнө кеткен.

Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркум жумуштан кийин жакын санаалаш таанышынын туулган күнүн белгилөөгө барган. Тааныштары мас абалда болгон. Милиционер ичкен эмес. Ошол учурда өз ара сөз талашып, сыртка чыгып мушташып кетишкен. Анын кесепетинен милиционер Э.Н. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Андан кийин алар кылмыштын изин жашыруу максатында маркумдун денесин унаага салып барып, сууга агызып жиберишкен. Окуя болжол менен түнкү саат 03:30-05:30 аралыгында болгон. Кылмышка далил буюм катары денени салып келген «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы алынып, тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.